Байас Турал “ОҢдолгон ката – ката эмес”




Скачать 104.44 Kb.
НазваниеБайас Турал “ОҢдолгон ката – ката эмес”
Дата конвертации03.01.2013
Размер104.44 Kb.
ТипДокументы
Байас Турал
“ОҢДОЛГОН КАТА – КАТА ЭМЕС”

О. Сулейменов минтип жазат: “Тилдер – жазма булактарга катталбаган тарихий маалыматтардын казынасы. Тилдер - отко салса күйбөгөн, суу менен жууса кетпеген, көгөрүп, дат баспаган, ар кандай идеологиянын таасирине баш ийбеген архив. Эң башкысы – ата-бабалардын эсепсиз муундарынан бизге калган интелектуалдык мурас. Жөн жеринен алар өздөрүнүн табышмактуу өткөнүн Билгиле деп бизге керээз калтырбаган. Өткөнүбүздүн гана эмес Келечегибиздин да сырлары катылган ошол байыркы архивди окуп үйрөнүү, чечмелеп түшүндүрүү – биздин милдет”1.

Менимче, бир гана окуп үйрөнүү менен чектелбестен, адам өткөндүн катасын оңдой жүрүү милдетин да унутпоосу зарыл. Ошондо “оңдолгон ката – ката эмес” деп улуу Ленин айткандай, ката “ката” болуудан калат. Ал эми оңдолбогон ката оңдолгонго чейин сөзсүз өзүнүн терс таасирин тийгизе берет. Тил менен кошо аң-сезим да бузулат. Биздин азыркы сөз тил менен тарыхтын ушул багыттагы байланышы тууралу болмокчу.
Иран тилиби” же “арий тилиби”?
Туран аймагынын тарыхы адегенде жалпы “огуз“, кийинчерек “сар”, “тур”, “күр”, андан кийин “сак”, “сармат” жана “скиф” деген ат менен белгилүү болгон элдердин ысымдары менен башталат.

Тарыхый маалыматтар адегенде бул элдер арий тилинде сүйлөшкөнүнөн кабар берет. Анан алардын кайсы бир уруу бирикмеси б.з.ч. 13-15кк. Индияны ээлеп, экинчи бир бирикмеси б.з.ч. 9-10кк. Иранды басып алганы айтылат.

Тарыхка “арий” деген ат менен түшкөн бул элдердин “түпкү ата журту” каер болгон тууралу алиге чейин окумуштуулар бир пикирге келише элек. Евроборбордук көз караштагы илимпоздор аларды Чыгыш Европадан барган дешсе, орус окумуштуулары аларды Россиянын түштүгүнөн кетишкен деген ойлорду айтышууда. Кийинки кезде Индиянын эски жазма булактарынан табылып жаткан кабарларга караганда арийлер Алтай-Сайан аймагынан кеткени кеп боло баштады. Кыскартып айтканда, алар тууралу айтар сөз дагы алдыда.

Биз үчүн азыркы маселе - арийлердин кайдан чыкканында жана кайдан келгенинде эмес. Маселе: бир сөз менен кантип дүйнөлүк тарыхтагы кээ бир фактылар бурмаланып айтылганында жана ал бузулган тарых аң-сезимге кандай таасир берип жатканында. Алсак, жогоруда биз кеп кылган Индия жана Иран жерине басып кирген көчмөндөр түпкү ата журту боюнча - “турандыктар”, же сүйлөгөн тили боюнча – “арийлер” деп айтылышы керек болчу. Бирок, алар илимий адабияттарда негизинен “иран”, же “индоиран” тилинде сүйлөгөн калктар деп айтылат. Андан да кызыгы, тарых илими берген маалыматтар боюнча ошол арий тегинен тараган “сак”, “сармат” жана “скиф” элдери да “чыгыш иран”, же “иран тилинде” сүйлөгөн элдер деп белгиленет. Ошентип, жогорку сөз байыркы турандык сак, сармат, скифтерди Ирандан келишкен элдер сыяктуу көрсөтөт. А чынында, ирандыктар да, индус арийлери да Турандан кетишкен. Бул евроборбордук көз карашты жактаган илимпоздордун Туранды кеп кылбоо, же бул аймакты арийлердин “түпкү ата журту” катары кабыл албоо үчүн жандалбас кылган аракеттери. “Панирандык”, же “паневропалык” көз карашты бекемдеген күнбатыш окумуштууларынын бул сөзү ушул убакка чейин турандык лингвист илимпоздор тарабынан сынга алына элек.

Ал эми сак, сармат жана скифтердин жашоо образы биздин ата-бабалардыкынан эч кандай айырмасы жок болгон. Алар да боз үйлөрдө жашап, кийиз калпак, ал эми үстүнө шым, кемсел кийишкен. Жылкыны өзгөчө ардактап, анын сүтүн ичип, этин жешкен. Жылына бир жолу күн кудайына арнап, ак боз атты курмандыкка чалышкан. Көчмөн эл болгондуктан негизинен мал багышкан. Келгин куштар сыяктуу, күн жылыган сайын түндүктү карай жайыт которуп, күн сууган сайын кайра түштүккө карай жылып жашашкан. Алардын кайсы бир бөлүгү жер айдап, эгин эгип күн өткөрүшкөн. Суунун башатын, улуу тоонун бийик чокуларын ыйык тутушкан. Жазгы күн менен түн теңелген мезгилден тартып, күзгү күн менен түн теңелгенге чейин таң эрте чыгып келаткан күн менен учурашып, анан малын айдап, же жерин карап жашаган салты болгон. Кээ бир уруулары сөөгүн өрттөп, көпчүлүгү көзү өткөндө, минген аты, жанында алып жүргөн курал-жарактары жана кызматчылары менен мүрзөгө кошо коюлган.

Ушул эле мезгилде иран элинин салты таптакыр башка эле. Кийген кийимдери, чачынын жасалгалары, сөөк коюу салттары да бөлөкчө болчу. Бирок ага карабай эле европалыктар да, орус окумуштуулары да сак, сармат жана скифтерди “иран тилинде сүйлөшкөн” элдер болгон деп жазып келатышат.

А чынында, болжол менен б.з.ч. 5 -6- кылымдрынан баштап, ирандыктар менен индиялыктардын тилин “арий тили” деп жазуу чындыкка туура келбейт. Анткени, алар өздөрү басып алган жергиликтүү элдер менен аралашып, тилдери да, салттары да, өңдөрү да өзгөрүп кеткен болчу. Эгер ошол убакта арий тилинде сүйлөшкөн элдер бар болсо, анда алар Туран аймагында, көчмөн элдердин арасында жашашы гана мүмкүн эле.

Кандай болгон күндө да илим чындыгы үчүн сак, сармат жана скифтерди “иран тилинде” эмес, “арий тилинде” сүйлөшкөн элдер болгон деп жазган туура. Мына ошондо тарых илиминдеги жаңы багыт Иранды карай эмес, арийлерди карай жол ачат. Ирандын ордуна биз “арийлер ким болгон” деген суроого жооп издейбиз. Мына ошондо гана биз көөнө тарыхыбызды тактайбыз, түпкү тамырыбызды табабыз. Ансыз биз Индия менен Иранды айланчыктап жүрө беребиз. Ошондуктан , илимде адегенде суроону туура кое билүү эң чоң мааниге ээ.

Ошол себептен панирандык жана евроборбордук көз караштагы окумуштуулар атайын “арий тилинде” деген сөздү “иран тилинде” деген сөз менен алмаштырышканы да жөн жеринен эмес. Дал ушул бир термин дүйнөлүк тарыхтын көптөгөн актай барактарын көрсөтпөй бекитип, бизди ушул убакка чейин чаташтырып келатат. Биз эми “ала кушту өз атынан айтып чакырабыз”. Муну менен биз байыркы тарыхтын багытын арийлердин кийинки мекени болгон Иранга, же Индияга эмес, түпкү ата журту болгон Туранды карай бурабыз.
Кыргыздар Россияга “өз ыктыяры” менен кошулганбы?

Эми кыргыз тарыхына келсек, абал мындай: Кыргыз тарыхынын 19-кылымга туш келген мезгилинде “Кыргыздардын Россияга “өз ыктыяры” менен кошулушу” деген тема бар.

Ушул темада кыргыздын сарбагыш менен бугу уруусунун ортосундагы “үч жылга” созулган ич ара кызыл кыргын чабыштан кийин бугу уруусунун манабы Боромбай алдыртан колдоо сурап, казактын султаны Тезек төрөгө, андан нары Россияга өкүлдөрүн жиберет.

Ага чейин, 1785-жылы сарбагыш уруусунун бийи – Атаке баатырдын элчилери Омбу шаары аркылуу Петербургка барып кайткан болчу. Бул кыргыздардан Россияга барган биринчи өкүлдөр эле. Аны Абдырахман Кучак уулу баштап барган.

Ошентип 1855-жылы Ысыккөл, 1868-жылы Чүй жана Теңиртоо кыргыздары Кокон хандыгынан бөлүнүп, Россиянын курамына кирген. Бирок, сарбагыш менен бугу уруусун айтпаганда, түндүк кыргыз урууларынын баары эле Россиияга “өз ыктыяры” менен кошулган эмес. Аны кече жакында басма сөз бетинде жарыяланган атактуу Алай канышасы Курманжан датканын уулу – Абдуллабектин 1876-жылы 27-июнда генерал Скобелевге жазган каты ырастап турат.

Мына, окуп көрөлү: “Улуу даражалуу Скобелевге! Сиздин убактылуу жарашуу жөнүндөгү катыңызды алдык. Ушуга чейин Алланын жана пайгамбарынын жардамы менен элди чогултуп, каршылык көрсөттүк, анткени сиз моюнуңузга алган милдеттенмени бузуп жатасыз. Мисалы: Кокон хандыгын бийлиги чектелген Насрединге тапшырдыңыз, анан кайрадан аны тартып алып, өзүн Сибирге айдаттыңыз. Анан дагы сиз генерал Скобелев, элде кадыр-барктуу Абдырахман афтобачы менен келишим түзүп, Коконго калтырууга убуда бердиңиз. Бирок сөзүңүздү бузуп, аны жана биздин бир канча бийлерди Сибирге айдаттыңыз, мунун баары сизге ишенбөөчүлүктү пайда кылды жана сизден чоочулаганыбыздан каршылык көрсөтүп, того кетүүгө аргасыз болдук. Сиз өзүңүздүн курал-жарагыңыздын санына ишенүүдөсүз. Бизде курал жок, Алланын гана эркине ишенебиз.

Эгер сиз өзүңүздүн убадаңызды аткарсаңыз биз мындай жоосунга барбайт элек. Биз азырынча тирүү болгондон кийин, өзүбүздү жана ар-намысыбызды коргогубуз келет.

Сиз Токмоктон тартып кыргыздарды, кыпчактарды, сарттарды караттыңыз, убадаларды бердиңиз, бирок Коконду алгандан кийин бардыгы өзгөрүлдү. Эгер сиз убадаңызды өзгөртпөгөндө мындай көтөрүлүштөр болмок эмес. Эгер сиз чынында эле тынчтыкты кааласаңыз жана өзүңүздүн убадаңызга тура аламын десеңиз, анда Шабдан баатырга тапшырма бериңиз. Биз дагы ага ишеним билдиребиз. Биздин маселелердин баардыгын Шабдан баатыр чечсин. Баардыгы сиздин эркиңизде, бирок сиз Шабданды Ош уездине калтырсаңыз, балким ошондо сиз биздин ортобузга тартип орното аласыз”(Д. Сапаралиев, Шабдан баатыр, макала, Кыргыздар 6т., 152-бет, Бишкек, “Учкун”ААК, 2004ж.).

Мурун жарыяланбаган мына ушул катта кыргыздар кантип “Россияга “өз ыктыяры” менен кошулганы” көрүнүп турат. Биздин оюбузча, “Кыргыздардын Россияга “өз ыктыяры” менен кошулушу” деген бул тема, мындан ары “Кыргыздардын Россия тарабынан “басылып” алынышы” деп аталышы керек. Б.а. “өз ыктыяры менен” деген сөз “басылып алынышы” деген сөз менен алмаштырылып, жазылууга тийиш.

Эгемен өлкө болгонубузга 17 жыл болгонуна карабай, тилекке каршы бул ката ушул убакка чейин оңдоло элек. Ушул күнгө дейре карапайым элдин көбү дагы деле “биз Россияга “өз ыктыярыбыз” менен кошулганбыз” деп ишенишет. Анткени, “Кыргыз тарыхы” да, “СССР тарыхы” да элди 70 жыл бою ушундай деп окуткан.

Бирок, өз убагында орустар үчүн тарыхый чындыкты бурмалап, өз саясаты үчүн аны башка сөз менен алмаштырып жазуу кандай зор мааниге ээ болсо, азыр аны оңдоп, туура жазуу биз үчүн андан да артык чоң мааниге ээ.
Үркүнбү” же “кыргынбы”?
Ушул күнгө чейин оңдолбой келаткан дагы бир термин бар. Ал “үркүн” деген сөз. Бул 1916-жылкы окуяга байланыштуу бир акылман окумуштуунун ойлоп тапкан термини. Бул сөздү ойлоп тапкан адам “орус” эмес. Анткени, биринчиден, орус бул сөздү билбейт. Экинчиден, анын мааниси эмне экенин түшүнбөйт. Муну ойлоп тапкан адам “кыргыз” да эмес. Кыргыз адамы эч качан өз элине карата мындай сөздү айтмак эмес. Анткени, кыргыз бул сөз кандай жаныбарга тиешелүү айтыларын эң сонун түшүнөт. Муну ойлоп тапкан адам кыргыз кебетесин кийген манкурт, же ички бир душман.

Негизи, бул сөз, кыргыз эли өз тилине өзү түшүнбөй калганын көрсөтүп турат. Болбосо, ал муну мындан 17 жыл мурун эле өзгөртүп салмак. Анда талдап көрөлү.

“Үркүн” деген сөздүн уңгусу – “үркүү” деген этиштен. Жылкы үркөт, кой үркөт. Негизи айбан мал үркөт. Адам үркпөйт, адам “чоочуйт”, “коркот”. Кыргыз “үркүү” деген сөздү адамдан башка, көбүнчө жапайы жан- жаныбарга карата колдонот. Адамга карата бул сөз айтылбайт.

Анан дагы бул сөз бир эле адамга эмес, бүтүндөй бир Элге карата айтылууда. Дээрлик 70 жыл бою кыргыз ушул сөздү өзүнө таандык кылып айтып келди. Бул чындап эле кыргыздын эл болбой калганын далилдеп турат.

А чынында, 1916-жылы эмне болду эле? Ушул жылы Кыргыздын бери болгондо үчтөн бири кырылган. Бул сөз орус тилинде “геноцид” деген термин менен белгиленет. 1916-жылы атайылап жасалган кыргын болгон. Ал Чүй менен Ысыккөл аймагын бошотуу үчүн атайын жашыруун кабыл алынган операция менен Россия империясы тарабынан уюштурулган. Орустун карательный отряды кыргыз элин кары-жаш дебей, аял-эркек дебей кыргынга алган. Кырылгандан калган эл анан Кытайды көздөп сүрүлгөн.

Ошондуктан бүгүн “кыргын” деген сөз “үркүн” деген терминди алмаштырууга тийиш. Ошондо 1916-жылдагы окуя ачыкка чыгат. Аты менен заты бирдей мааниге ээ болот. Чыныгы тарых такталат. Бул сөздү кыргыздын улуу жазуучусу Төлөгөн Касымбеков туура колдонду. Ал өзүнүн 1916-жылкы окуяга арналган китебин “Кыргын” деп атады. Бирок саясатчылар бул сөздү алмаштырыша элек. Ал эми “үркүн” деген сөз алмашмайынча, кыргыз адамдардын тобунан түзүлгөн элден, жапайы айбандардын үйүрүнө айланган бойдон тура берет.
Ким “басмачы”?
Дагы бир оңдоло элек термин “басмачы” деп айтылат. Бул сөз кече Совет бийлиги орноп жатканда пайда болгон. Ушинтип туура эмес сөздөрдү туурадай кабыл ала берип, кыргыздын улуттук аң-сезимине өтө оор доо кетти. Болбосо, мурун болбосо да, эми эркин эл болгондо оңдоп алсак болмок. Жок. Сөз ошол ордунда кыймылдабай турат. Анткени, 70 жыл айтыла берип, кулакка көндүм болуп калган. Экинчиден, азыр айлана-тегеректе кыргыздай тили бузулган эл жок.

“Тил – иш жүзүндөгү аң-сезим” деп улуу К. Маркс жөн айткан эмес. Тили бузулганы үчүн кыргыздын аң-сезими да бузулуп жатат. Саясатчыларыбыз “Кыргыздын улуттук аң-сезими төмөн” дешет. Чынында, тили өспөй туруп, улуттук аң-сезим кантип өсөт? Анткени, улуттук аң-сезим дегенибиз – ал улуттук тил! Аны жогорку К. Маркстын сөзү да мээге сайгандай ачык айтып турат.

А чынында, ким “басмачы?” Деги өзү “басмачы” деп “басып алган” эл айтылыш керекпи, же “басылган” эл айтылабы? “Басылган” эл айтылса, анда туура, кыргыздар басмачы. А эгер “басып алган” эл айтылса, анда бул сөздү мындан кийин алмаштырып, орустарды “басмачы” деп айтышыбыз керек. Анткени, биз – кыргыздар орустардын эл-жерин эмес, тескерисинче, алар биздин эл-жерди басып алышкан. Ал эми тарыхта “басмачы” аталып жүргөн биздин ата-бабалар өз эл-жерин коргоп, аларга каршы чыгышкан. Албетте, бул “аталарыңар бизди басып алган экен” деп, азыркы орустарды күнөөлөгөн сөз эмес. Биз тарыхтагы бурмаланган терминдерди оңдоп жазуу аракетин кылып жатабыз. Анткени, туура эмес сөз туура эмес маалыматты берет. Туура эмес маалымат туура эмес түшүнүктү калыптандырат. Туура эмес түшүнүк туура эмес улуттук ой жүгүртүүгө түртөт. Ал эми туура эмес ой жүгүртүү - улуттар аралык кагылышууларга алып келет.

Экинчиден, туура эмес сөз туура эмес тилди пайда кылат. Туура эмес өнүккөн тил – туура эмес аң-сезимди калыптандырат. Туура эмес аң-сезим – улутту кем акыл элге айлантат. Кем акыл эл өзүн башкара албайт. Өзүн өзү башкара албаган эл акыры башка бир элге баш иет. Анын айтканын кылып жашайт. Анан өзүн башкарган элдин эшигинде эптеп кулдун күнү көрүп жүрүп жок болот. Ошондуктан сөзсүз бурмаланган терминдерди оңдоо зарыл. Б.а. “басмачы” деп “басылган” эл эмес, мааниси боюнча “басып алган” эл айтылууга тийиш. Биз өз балдарыбыздын башын өзүбүз айландырбай, алар акты – “ак”, караны – “кара” деп айтууга үйрөтүүгө милдеттүүбүз. Анткени, ар бир кеткен ката үчүн ата-бабаларыбыз биздин алдыбызда кандай күнөөлүү болсо, аны оңдоо, алардан сабак алуу жана ката кетирбөөгө аракет кылуу биздин дал ошондой милдетибиз.
Тили бузулган эл
Тилибиздин бузулганын көрсөткөн дагы бир факты мындай. Көп жерде бата берилет. Бата бергенде улуусу деле, кичүүсү деле кээ бир сөздөрдүн маанисине көңүл бурушпайт. Анткени, тил бузулган. Мисалы, көпчүлүк учурда аш-тойлордо: “уул-кызыңардын убайын көргүлө” деген сөз айтылат. Араб тилиндеги “убай” деген сөз биздин тилге которгондо “кайгыруу”. “сарсанаа болуу” дегенди түшүндүрөт. Демек кыргыздар бүгүн бири-бирине: “уул-кызыңардын кайгысын көргүлө, сарсанаага баткыла” деп бата берет. Ушул бата көбүнө тийип, чын эле көп кыргыздар уул-кыздарынын “кайгырганын”, “кыйналганын”, ар жерде “тентип”, “өз жолун таба албай” жүргөнүн көрүшүүдө. Анткени ар бир сөздүн энергиясы бар. Ар бир сөз айтылгандан кийин материалдашат.

Илгери Кыргыз бата бергенде: “Уулуңардын урматын, кызыңардын кызматын көргүлө” деп айтышкан. Азыр бул сөздү көптөрү айтышпайт. Сөз берилгенде көп адам, сөздүн мааниси эмнени түшүндүрөрүнө карабай эле бир нерселерди сүйлөп кое беришет. Мындай, тилге болгон кайдыгерлик, сөзгө маани бербөө улуттун аң-сезимине да өзүнүн терс таасирин тийгизүүдө. Тилдин бузулушу менен улуттук аң-сезим да бузулууда. Көптөгөн адамдар “ойлонбой сүйлөп алып, ооруубай өлүүдө”. Ушунун баары Мамлекеттик деңгээлде улуттук тилге карата болгон мамиленин туура эместигинен болууда.

Дагы бир мисал, аш-тойлордо өтө көп берилген батанын бири: “Алдыңарды бала, артыңарды мал бассын” деп айтылат. Бул да туура эмес. Туура айтылышы тескерисинче: “Алдыңарды - мал, артыңарды - бала бассын” деп айтылыш керек. Бул сөздүн мааниси: “Алдыңарда айдаган малыңар, артыңарда эртең анын ээлеп калар, ээрчиген балаңар болсун” дегени. Бала Атаны ээрчип жүрөт, анын алдында жүрбөйт. Экинчиден, Атанын алдында айдаган малы – ал дүнүйө, байлык. Анын эртеңки ээси – анын артында ээрчип, өсүп келаткан баласы. Баласы жок болсо, эртеңки күнү жыйган – терген дүйнөсү ээсиз калат.

Ошентип, Улуттук тилге болгон кайдыгер мамиле улуттук эс-тутумду да кыйратууда. Улуттук эс-тутуму начар эл тарыхын тактоого анча кызыкпайт. Ал эми тарыхы менен иши болбогон эл эртеби - кечпи өзүнүн ким экенин унутат. Өзүн унуткан эл жок болот. Анткени, улуу кытай эли айткандай: “Тамырсыз шыбак да өспөйт”.

Байас Турал

1 Сулейменов О., Язык письма, Алматы-Рим, 1998г., с-204-205.




Похожие:

Байас Турал “ОҢдолгон ката – ката эмес” iconКодекс на самурайската чест бункай-въображаеми атаки за ката гедан-нивото под кръста гедан барае-долен помитащ блок

Байас Турал “ОҢдолгон ката – ката эмес” iconКоманды dos команда append
Позволяет программам открывать файлы данных в заданных ката логах (которые называются присоединенными каталогами), как если бы они...
Байас Турал “ОҢдолгон ката – ката эмес” iconБайас Турал Улуттук улуу Курултайдын Биринчи чакырылышында окулган доклад. Спорт сарай. 26. 11. 11ж
А балким силер деле мурункулардай эле Элди алдап аткандырсыңар? ” деген суроолор дагы деле токтогон жок. Ошондуктан “курултай” деген...
Байас Турал “ОҢдолгон ката – ката эмес” iconНургүл бейшен тынымсыз кумар
Аппак “Лексус” короодон чыгып, чоң көчөгө түштү. Алтынай машинада отурган киши көрүп калбасын деп эңкейип башын ката калды. “Лексус”...
Байас Турал “ОҢдолгон ката – ката эмес” iconОкадзаки Хирото революционер киокушина
Технического комитета Федерации Кёкусин-кан. Также он является 16-йм патриархом школы Мугай-рю иай хёдо и завучем японской средней...
Байас Турал “ОҢдолгон ката – ката эмес” iconТема: строителство, строителен контрол
Колко би се радвал всеки собственик, ако пред магазина му се извие опашка Уви, тези явления останаха в миналото. Днес сто­ката е...
Байас Турал “ОҢдолгон ката – ката эмес” iconПриложение к Общим Правилам №10 для учеников, занимающихся Каратэ в нроо «Академия традиционного каратэ-до» Словарь – классификатор японских терминов
Специальные термины, для обозначения разных видов техники, а также, названия «Ката» даны в том объёме, который необходим для понимания...
Байас Турал “ОҢдолгон ката – ката эмес” iconПравила поведения на додзё перед занятием: Перед входом в додзё, необходимо оценить свою готовность к началу занятий. Входя в додзё, делается поклон рей
Желательно приходить за 10-15 минут до начала занятий, для того, чтобы успеть переодеться. Переодевшись, спокойно подождать начало...
Байас Турал “ОҢдолгон ката – ката эмес” iconПетрос элчинин биринчи каты
...
Байас Турал “ОҢдолгон ката – ката эмес” iconДенсаулық сақтау ұйымдарының үлгі штаттары мен штат нормативтерін бекіту турал
«Халық денсаулығы және денсаулық сақтау жүйесі туралы» Қазақстан Республикасының 2009 жылғы 18 қыркүйектегі кодексінің 32-бабы 3-тармағының...
Разместите кнопку на своём сайте:
kk.convdocs.org



База данных защищена авторским правом ©kk.convdocs.org 2012-2019
обратиться к администрации
kk.convdocs.org
Главная страница